Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Франция Мухтар Аблязовго саясий башпаанек берди
Борбордук Азияда

Франция Мухтар Аблязовго саясий башпаанек берди

Мурдагы казакстандык банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов Франциядан саясий башпаанек алды. Le Monde басылмасы мындай чечимди Башпаанек берүү маселелери боюнча улуттук сот (CNDA) чыгарганын жазды.

Франциядан саясий башпаанек алганын Аблязов өзү дагы RFE/RL радиосунун казак кызматына тастыктады.

Маалыматка караганда, чечим 29-сентябрда чыккан. Сот Аблязовдун Франциянын качкындар иши боюнча башкармалыгына каршы жазган доо арызын бир нече ай бою караган. Бул башкармалык 2018-жылы майда саясатчынын башпаанек берүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Le Monde CNDA чыгарган чечим менен таанышып чыккан. Ага ылайык, сот Аблязовдун ишинде саясий өңүт бар экенин, Казакстанда саясий каршылаштарга куугунтуктоо болуп турарын, бийлик сотторго кысым көрсөтөрүн белгилеген.

БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов 10 жылдан бери Европада жашайт. Казакстанда, Орусияда жана Украинада ага беш миллиард доллар уурдады деген айып менен издөө жарыяланган.

Казак бийлиги Аблязовду БТА банктан “миллиарддаган каражатты чет өлкөгө чыгарып кеткен” деп айыптаган.

2009-жылдан бери чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Аблязов айыптарды четке кагып, тескерисинче казак бийлигин БТА банкты “тартып алды” деп айыптап жүрөт.

2013-жылы Франция Украинанын талабы менен Аблязовду кармаган. Ал француз түрмөсүнөн 2016-жылы – өлкөнүн Жогорку административдик соту аны Орусияга экстрадициялоо тууралуу буйрукту жокко чыгаргандан кийин бошотулган.

Аблязов 2017-жылы “каражаттын изин жашырган”, “кызматынан кыянат пайдаланган” жана “кылмыштуу топ түзгөн” деген айыптар менен Казакстанда 20 жылга сыртынан абакка кесилген.

2018-жылы ноябрда Жамбыл облусунун район аралык соту аны 2004-жылы “ТуранАлем” банкынын башкы менеджери жана кожоюндарынын бири Ержан Татишевди “өлтүрүүнү уюштурган” деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин сыртынан абакка кескен.

Аблязов айыптоолордун баарын четке кагып келет. Ал 2017-жылдын жазында “Казакстандын демократиялык тандоосу” аттуу кыймылдын ишин жандандырган. Көп өтпөй казак бийлиги анын кыймылын “экстремисттик уюмдардын” катарына кошкон. Ага ылайык, басма сөз каражаттарына “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы тууралуу маалымат таратууга же аны пропагандалоого тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бозгундагы тажик полковнигинин иниси Орусиядан мекенине экстрадицияланды

Назарбаев насыялардын кайтарылышын көзөмөлдөө системасын сынга алды

“Мекенчил” саясый партиясы парламенттик шайлоого катыша тургандыгын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин колу менен БШКга билдирди