Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » ИИМ: А.Атамбаевдин балдары Сеид жана Кадыр массалык баш аламандык фактылары боюнча күбө катары кармалган
Криминалдык хроника жана окуялар

ИИМ: А.Атамбаевдин балдары Сеид жана Кадыр массалык баш аламандык фактылары боюнча күбө катары кармалган

Учурда 2020-жылдын 9-октябрындагы Бишкек шаарындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 264-беренесинин (Массалык баш аламандыктарды уюштуруу) негизинде иш козголуп ал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Аталган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын кызматтары тарабынан 1998-жылы туулган Т.Султанбеков, 1976-жылы туулган С.Атамбаев, 1981-жылы туулган А.Арматов жана 1993-жылы туулган К.Атамбаевдер күбө катарында кармалып ИИМдин Тергөө кызматына алынып келинген.
Учурда К.Атамбаев менен С.Атамбаев тиешелүү көрсөтмөлөрүн күбө катарында бергенден кийин үйлөрүнө койо берилди. Ал эми Т.Султанбеков менен.А.Арматов ИИМдин Тергөө кызматында күбө катарында көрсөтмөлөрүн берүүдө.

Караколдо окуучу теңтушун бычак менен урган

Бүгүн Твиттерде Алмаз Атамбаевди өлтүрөм деп коркуткан адам пайда болду

Өзбестанда атайын кызматтын полковниги Нодир Туракуловдун иши сотко өттү