Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине каршы
САЯСАТ

Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине каршы

Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо башталганга чейин айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда парламенттин спикерлигине талапкер Канат Исаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, парламент ушундай оор күндөрдө иштеп, өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылышы керек.

Ал ушундай кырдаалда парламентте чоң роль ойной турганын, ошондуктан, эки айдын ичинде өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтаруу максатында айрым мыйзамдарга жана башка чечимдерге өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине каршы.

“Президент – өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана туруктуулуктун кепилдиги. Ал калышы керек ”, – деди Канат Исаев.

Видео – Алтынбек Сулайманов, “Бир бол” партиясынын лидери: Сабатсыздык жана коррупция вирусуна, трайбализм жана аймак аралык бөлүнүп-жарылуу вирустарына каршы вакцина – бул «Бир Бол» партиясы!”

Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Баракелде Туманов! Жашасын Сооронбай!