Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Бактияр Алиев дайындалды
Кызмат-мансап

КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Бактияр Алиев дайындалды

Алиев Бактияр Женбекович КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

“КТРКнын байкоочу кеңеши дагы мыйзамдуу талаага кирди. Бүгүн биз кезектеги жолугушууга чогулдук. Кворум болду. Жамааттын суранычы боюнча башкы директордун милдетин аткаруучу болуп Бактияр Алиевди шайладык. Жакынкы аралыкта КТРКнын башкы директору кызматына сынак жарыялайбыз” – деп жазган Жылдызбек Керимбаев.

Белгилей кетсек, 6-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши башкы директордун кызмат ордуна Чынар Капарова менен Мирлан Самыйкожонун талапкерлигин караган. Кароонун жүрүшүндө аталган кызматка байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдыз Бакашеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, убактылуу директор болуп дайындалган. Кийинчерээк КТРК бул чечим кайра каралып, директордун милдетин аткаруучу болуп Мирлан Самыйкожо дайындалган.

Ал эми КТРКнын башчысы  Жайнак Үсөн уулу 6-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Наблюдательный совет ОТРК тоже входит в правовое русло. Сегодня собрались на очередное заседание. Кворум был. По просьбе…

Опубликовано Жылдызбеком Керимбаевым Среда, 14 октября 2020 г.

Нурболот Үсөнбаев Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалды

Тамерлан Ибраимов жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топту жетектейт

Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды