Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков “Азия Оскары” наамына көрсөтүлдү
КООМ

Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков “Азия Оскары” наамына көрсөтүлдү

Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков “Азия Оскары” наамына көрсөтүлгөнүн “Кыргыз фильм” расмий сайтына жарыялады.

Белгилей кетсек, Азия-Тынч океан (Asia Pacific Screen Awards, APSA) киноакадемиясынын сыйлыгынын “Эркектин мыкты ролу” наамына 5 өлкөнүн актерлору – Өзбекстандан Рашид Маликов, Индиядан Навазуддин Сиддикуи, Ливан мамлекетинен Заин аль-Рафея, Ирандан Бахман Фарманара жана Кыргызстандан Акылбек Абдыкалыков көрсөтүлгөн.

Азия-Тынч океан киноакадемиясына 70тен ашуун өлкөнүн кинематографисттеринин эмгектери көрсөтүлүп келет. Бул ирет сыйлыктарды тапшыруу аземи 29-ноябрда Автсралиянын Брисбен шаарында өтөт.

Красноярскиде курал-жарак сакталган кампадагы жарылуудан 12 киши жаракат алды

Видео – Эки Аяз ата жаңы жылдык балатынын алдында мушташа кетишти

Жалал-Абадда “Иттипак” коому ынтымактык иш-чарасын өткөрдү