Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Кыргызстанда дагы 298 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, илдеттен 5 адам каза тапты
КООМ

Кыргызстанда дагы 298 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, илдеттен 5 адам каза тапты

Бүгүн, 12-октябрга карата Кыргызстанда дагы 298 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 59, Ош шаарынан – 33, Чүй облусунан – 13, Ош облусунан – 51, Талас облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 13, Жалал-Абад облусунан – 40, Баткен облусунан – 86 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 49528ге жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 127 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 44 522ге жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 20 адам; Чүй облусунан – 13, Ош шаарынан – 16, Ош облусунан – 23, Жалал-Абад облусунан – 20, Баткен облусунан – 41.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 5 учуру: Ош облусунан – 1, Ош облусунан – 3, Талас облусунан – 1 катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1090го жетти.

Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшош оорудан эки бала чарчап калды

Тажиктер кыргыздарды кыйнай башташты

Токмокто келин күйөөсү менен кайнатасын бычак менен коркуткан. Алар анын бычагын тартып алып, сабап салышкан