Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Милиция Төмөнкү Ала-Арча айылында 17 жаштагы кыздын уурдалганы тууралуу маалыматты текшерип жатат
САЯСАТ

Милиция Төмөнкү Ала-Арча айылында 17 жаштагы кыздын уурдалганы тууралуу маалыматты текшерип жатат

Социалдык тармактарда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында 17 жаштагы кыздын уурдалгандыгы тууралуу маалымат пайда болду.

Колдонуучулар Мээримди “Nissan” унаасына түртүп, белгисиз тарапка алып кетишкен деп билдиришти. Бул ала качуу (никеге туруу максатында) болгон деп болжолдонууда.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы пайда болгон маалымат боюнча текшерүү жүрүп жаткандыгын билдирди. Учурда уурдоо боюнча билдирүү боло элек.

Оштун “үч баатырынан” кем калбай биригебиз деген Чүй кланынын “үч баатырынын” чайлашуусу мушташ менен аяктады

Видео – Депутат Өмүрбек Текебаев журналисттерге пресс-тур уюштуруп, өз үй мүлкүн көрсөтүп, атамбаевчилерге жооп кайтарды

Видео – Эгер Өмүрбек Суваналиев УКМКнын төрагасы болгондо Атамбаевди ызы-чуусуз колунан жетелеп эле суракка алып келмек