Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Өкмөт үйүндө убактылуу өкмөттүн курамын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
САЯСАТ

Өкмөт үйүндө убактылуу өкмөттүн курамын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Бүгүн, 6-октябрда Өкмөт үйүндө оппозициячыл партиялардын лидерлери чогулуп, убактылуу өкмөттүн курамын түзүү боюнча жыйын өткөрүп жатышат.

Өкмөт үйүнүн алдына чогулган элди имараттын ичине киргизбей жатышат. “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев сыртта турган калың эл менен жолугуп, премьер-министрликке Садыр Жапаров сунушталып жатканын билдирди.

Ал кечке чейин чечим чыга турганын кошумчалады.

Өкмөт үйүнүн жанында бир топ адамдар күтүп турушат. Ал жерде “Ыйман Нуру”, “Реформа” жана “Чоң казат” партияларынын өкүлдөрү да бар.

Өкмөт башчы Абылгазиев адамдардын өлүмүнө алып келген Баткен облусундагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү

Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы менен өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады

Ирина Карамушкина, КСДПнын төрага орун басары: Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрөт