Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Өмүрбек Бабанов Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров, ошондой эле президент менен жолугушту
САЯСАТ

Өмүрбек Бабанов Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров, ошондой эле президент менен жолугушту

Кечээ, 13-октябрда кечинде Өмүрбек Бабанов “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу “Республика” партиясынын штабындагы булактар ​​журналисттерге билдиришти.

Ошондой эле 13-октябрда Президент Сооронбай Жээнбеков “Республика” партиясынын лидерлери – Өмүрбек Бабанов, Мирлан Жээнчороев жана Руслан Казакбаев менен жолугушту.

Эки жолугушууда тең коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу маселеси талкууланды. Тараптар саясий кризистен чыгуунун жолдорун биргелешип издөө керек деген бүтүмгө келишти. Башка маалыматтар белгисиз.

Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши боюнча сүйлөшүүлөргө Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев жана Роза Отунбаева кошулду

БУУнун укук комиссариаты Азимжан Аскаровдун өкүмүнө тынчсызданууда

Өмүрбек Текебаевдин жүрөк оорусу