Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Өмүрбек Суваналиев өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди
Кызмат-мансап

Өмүрбек Суваналиев өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди.

Ал RFE/RL радиосуна Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин, учурда коопсуздук, коомдук тартип тармагына көзөмөлгө алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын айтты.

“Учурда президенттин кайда экени боюнча маалыматым жок. Бирок Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары катары легитимдүү түрдө учурда аталган органды тейлеп жатам. Өлкөнүн коопсуздугу, коргоо тармагын координация кылып жатам. Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатат. Ал эми Бишкек шаарынын коменданты милдетин Курсан Асановго жүктөп жатабыз”-деди Суваналиев.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы өлкө башчысы Бишкек шаарында экенин айтууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Талайбек Темиралиев КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы кызматынан бошотулду

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары кызматынан бошотулду

Гуламжан Анарбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды