Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ош шаарында санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду
КООМ

Ош шаарында санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду

12-октябрда Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин бир нече жолу бузулушунан улам 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу кечээ, 13-октябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаардык прокуратура, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан түзүлгөн мобилдик топтор менен биргеликте рейддик иш-чараларды күчөтүү учурунда «Мээрим», «Ала-Тоо», «Энесай», «Хан Ордо» жана «Ак Кайын» ресторандарынын ишин токтоткон.
Алардын ишин калыбына келтирүү мыйзам бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын чегинде чечилет.
Белгилей кетсек, мобилдик топтор тарабынан санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди бузгандардын бардыгына карантин мезгилинде үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүгө тыюу салынган, бир нече жолу эскертүүлөр берилген.
“Ош шаары боюнча 7 мобилдик топ бар. Учурда жугуштуу оорунун жайылышынан улам күчөтүлгөн тартипте иштеп, текшерүүлөр баардык аймактарда жүрүп жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жаңы 503 учур катталды. Эми жалпы саны 39 миң 162

Жалал-Абад шаардык мэриясынын дагы 3 кызматкеринен коронавирус табылып, мекеме карантинге жабылды

Жан тартуубу же жарга такообу?..