Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Петровка айылындагы №8 колонияда жаткан Албек Ибраимов эркиндикке чыгып, Бишкекти көздөй келе жатат
КООМ

Петровка айылындагы №8 колонияда жаткан Албек Ибраимов эркиндикке чыгып, Бишкекти көздөй келе жатат

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов колониядан бошотулду. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Алардын айтымы боюнча, бүгүн саат 12:00 чамасында аны Москва районунун Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү колониясынан алып кетишкен. Учурда экс-мэр Бишкекти көздөй бет алды.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-октябрга караган түнү митингчилер ак үйдү басып алгандан кийин дароо митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты. Элдин дагы бир бөлүгү түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду чыгарышты. Дагы бирөөлөр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаткан №27 колониясына барышкан. Таңкы саат 06:20да анын бошотулганы белгилүү болду. Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков , экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да эркиндикке чыкты.

Эсиңиздерге сала кетсек, Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, ал мындай айыпты четке кагып, күнөөлүү эместигин айтып келген.

Былтыр, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланып, Албек Ибраимов 15 жылга кесилген.

Караколдо зомбулукка дуушар болгон аялдар үчүн сот адилеттигине жетүү маселелерин талкуулашат

Орусияда таштандыда “ташталган” Тагдырдын туугандары изделүүдө…

Видео – Түндүк Кипрдеги түркмөнстандыктар президент Гурбангулы Бердымухамедовдун отставкасын талап кылышууда