Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Садыр Жапаров, премьер-министр: «Камчыбек Ташиевге кандай кызмат берсе дагы аны тартып кетээрине көзүм жетет»
САЯСАТ

Садыр Жапаров, премьер-министр: “Камчыбек Ташиевге кандай кызмат берсе дагы аны тартып кетээрине көзүм жетет”

Бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин маалымат жыйын берип жатат.

Жыйында Садыр Жапаровко бир нече суроолор узатылды. Анын ичинде “Мекенчил” партиясынын лидери болгон Камчыбек Ташиев тууралуу дагы суроо берилди.

“Садыр Нургожоевич сиздин жаныңызда ар дайым Камчыбек Ташиев жүрөт. Сиз ага кандайдыр бир кызмат бересизби?” – деп суроо узатты журналист.

“Мен Камчыбек Ташиев менен 15 жылдан бери жакшы таанышмын, бирге иштегенбиз, 2 чакырылышта депутат болгонбуз. Ага кандай гана кызмат берсе дагы аны тартып кетээрине көзүм жетет. Азырынча аны кайсы кызматка алып барам, ойлоно элекмин”, – деди премьер-министр Садыр Жапаров.

“Конституцияны өзгөртүү керек”

Пономарев: Казакстандын аткезчилик боюнча айткандары негизсиз

Жогорку Кеңеште Президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулду