Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Садыр Жапаров, премьер-министр: «Президент отставкага кетет, эртең саат 11:00гө чейин убакыт бергиле»
САЯСАТ

Садыр Жапаров, премьер-министр: “Президент отставкага кетет, эртең саат 11:00гө чейин убакыт бергиле”

Бүгүн, 14-октябрдын кечинде Премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдында турган өзүнүн тарапкерлеринин алдына чыгып сөз сүйлөдү.

“Силердин биринчи талабыңар аткарылып, бүгүн мени премьер-министр кылып бекитип беришти. Ал эми экинчи талабыңар – президенттин отставкасы боюнча бүгүн кечке чейин сүйлөшүүлөр жүрдү”, – деп билдирди Садыр Жапаров.

“Бирок бүгүн сүйлөшүүлөр бүтпөй калды, силер резиденцияга жөнөп жатышат дегенинен мен шашылыш бул жакка баса бердим. Эртең саат 11:00гө чейин убакыт бергиле.  Президент кетет. Сүйлөшүүлөр аяктап баратат. Ортомчулар да суранышты эртең саат 11:00ге чейин деп.  Ал кетет. Мени угуп койгула, акыркы жолу суранам. Эртең саат 11:00гө чейин тарап кеткиле. Ага чейин сүйлөшүүлөр бүтөт. Мен алданбайм”, – деди Садыр Жапаров. Бирок митингичилер нааразы болуп “Кетсин!” деп кыйкырып  жатышты.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков өлкө мыйзамдуу нукка түшүп, парламенттик шайлоо өткөндөн кийин отставкага кетет деп билдирүүдө.

Мирзиёев сындаган үч акимге дагы бир мүмкүнчүлүк берилди

Апенди менен Абдылданы «ыйлаткан» Курсан Асанов

Алманбет Шыкмаматов: “Мен керек болсо спецслужбалар билбеген маалыматтарды билем, бийликтин 4 партиясынын тизмесинде азыр эле бош орун калган жок”