Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Тамаша торго түшкөн ырчылар: Анжелика Гүлжайнага ыраазычылык билдирип, Асел Кадырбекова сотко берем деди
КООМ

Тамаша торго түшкөн ырчылар: Анжелика Гүлжайнага ыраазычылык билдирип, Асел Кадырбекова сотко берем деди

Шоу-бизнес чөйрөсүндө тамаша торго түшкөн ырчылардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул тууралуу маалыматты ырчылардын социалдык тармактагы баракчаларынан көрсөк болот.

Тамаша торго илинген ырчылар – Анжелика Кайратовна, Гүлжайна Атаканова, Асел Кадырбекова, Кызсайкал Кабылова жана Айдана Дека. Мындай кырдаалга туш болгон ырчылар өздөрүнүн ой-пикирлерин “Инстаграм” баракчаларына бөлүштү.

Анжелика Кайратовна: “Тамашага мени дагы бир күн салышты. Сабырдуу жүрөюн деп жаттым эле… Эжекем Гүлжайна Атакановага ыраазычылык билдирем. Тамаша тордо чындыгында мага күйүп, чын-жүрөгү менен болушуп, балдарды тепкилеп сала жаздады. Мындай адамдын жанында жүрсөң, эч кимден коркпойсуң. Силерде дагы ушундай сонун дос, курбу болсун”.

Ал эми эки жолу тамаша торго илинген ырчы Асел Кадырбекова жакында эле ачылган өзүнүн сулуулук салонуна баруудан коркуп калганын жаза кеткен.

“Эки күндөн бери тамаша торго түшүп жатам. Салонго баргандан коркуп калдым. Мени экинчи мындай кырдаалга туш кылбаңыздар. Кийинкисинде сотко берем”, – деп тамаша ирээтинде жазган.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

ИИМ митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырат

Трайбализм синдрому… Же түндүк-түштүк картасы, бул Кыргызстанды жок кылуучу, өтө коркунучтуу айыктырылгыс оору

Ашхабад: турак-жайлар бузулгандан кийин көчөдө үй-жайсыз жаныбарлар көбөйдү