Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Тазабек Икрамов коррупционерлер жана анын балдары мамлекеттик кызматта иштебеши керек деген демилгесин кайрадан көтөрдү
САЯСАТ

Тазабек Икрамов коррупционерлер жана анын балдары мамлекеттик кызматта иштебеши керек деген демилгесин кайрадан көтөрдү

Бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциядагы ЖКнын кезексиз жыйынында депутат Тазабек Икрамов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго өзүнүн депутаттардын жакындарын кызмат ордуна койбоо демилгесин эскертти.

“Бул тополоңдор эмне үчүн болду? Коррупционерлердин айынан. Мен 2018-жылдан баштап коррупционерлер жана анын балдары мамлекеттик жумушка алынбасын деген демилгени көтөрүп келем. Бирок, бул демилге парламенттен эч качан колдоо тапкан эмес. Урматтуу Садыр мырза, ушул маселени да карап койсоңуз. Коррупционерлер кайра-кайра жумушка орношуп жаткандыктан, парламентке аттангандыктан эл нааразы болуп, тополоң болду. Ошондуктан, элибизде ар дайым аманчылык, тыччылык болсун” – деди Тазабек Икрамов.

Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы эң коркунучтуу адам

Видео – Адахан Мадумаров: “Молдомуса Конгантиев, бети-башыңды ким талкалады эле? Камчыбек Ташиев, сени “аласы жыртылган” деп ким күлкүгө салды эле?”

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровго Сооронбай Жээнбековду кетирүүгө жардам берүүгө даяр