Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Темирлан Султанбеков үй камагына бошотулду
САЯСАТ

Темирлан Султанбеков үй камагына бошотулду

“Социал-демократтар” партиясынан депутаттыкка талапкер Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу журналисттерге Султанбековдун жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаардык соту анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Белгилей кетсек, Султанбеков 9-октябрдагы митингден кийин массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен кармалган. 12-октябрда Бишкектин Биринчи Май соту аны тергөө абагына эки айга камаган.

Буга чейин Өмүрбек Бабанов, депутаттар тобу Темирлан Султанбековду бошотууга чакырган. Ошондой эле, бүгүн премьер-министрликке бекитилген Садыр Жапаров Темирлан Султанбековду бошотууну жактап сүйлөдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы маалымат жыйынын өткөрөт

Абдувахаб Мониев: Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!?

Ак үй Коммунизм курмандыктарынын күнүнө карата билдирүү жасады