Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Үйлөнүү үлпөтүндөгү жаш колуктунун реакциясы тойдо атасын өлүмдөн сактап калды
Дүйнө жүзүндө

Үйлөнүү үлпөтүндөгү жаш колуктунун реакциясы тойдо атасын өлүмдөн сактап калды

Англиянын Честер шаарынын тургуну тойдо атасын өлүмдөн сактап калды. Бул тууралуу The Sun гезити жазып чыкты.

37 жаштагы колукту Ким Лири 65 жаштагы атасы Джон Дуглас той учурунда ооруп жыгылгандыгын айтты: ал бийлеп, капыстан жерге кулап түштү. Лири жана анын сүйүктүүсү Иен атасын ооруканага алып барып, түнү бою жандандыруу бөлүмүндө үйлөнүү-үлпөт кийимин чечкенге убакыт болбой атасын карашкан.

«Дарыгерлер анын аман-эсен чыкканына бактылуу экендигин айтышты. Анын өлбөгөнүнө аябай сүйүнөм, дейт Лири. “Болбосо, менин жашоомдогу эң жакшы күн эң жаман күнгө айланмак”.

Акыркы бир нече жылдан бери Дуглас жүрөгү ооруп келгендиктен, үйлөнүү үлпөт тойдо кадимкидей эле дары ичип жүргөн. Салтанатта ал шарап ичип, кан басымы төмөндөгөн. Дарыгерлер алгач кулап түшүүнүн себеби айыкпас кардиомиопатия деп чечишкен. Бирок, кийинки анализдер бейтаптын коронардык жетишсиздиктен жапа чегип, жашоо образын өзгөртүү менен дарылана тургандыгын көрсөттү.

“Мурунку диагнозун эске алып, ага беш жылга жакын өмүр калды деп ойлогонбуз” деди Лири. “Бирок азыр демибизди чыгарып, тынчып калдык”.  Дуглас беш күндөн кийин ооруканадан чыгарылган. Анын учурдагы абалы айтылган эмес.

Иман Каримова өзбек өкмөтүнүн коррупциялык иштерин ашкерелей турганын билдирүүдө

Баткен облусунда 3,850 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлдү

Видео – Бишкек шаарынын коменданты: “Улгайган ата-энелерге баруу үчүн, жарандар бир жолку уруксат кагазын ала алышат”