Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Абактан бошотулган мурунку саясатчы Садыр Жапаров үйүнө келди
САЯСАТ

Видео – Абактан бошотулган мурунку саясатчы Садыр Жапаров үйүнө келди

Абактан бошотулган мурунку саясатчы Садыр Жапаров үйүнө келди. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармакка тарады.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг кечээ, 5-октябрь күндүз Ала-Тоо аянтында башталып, кечинде нааразычылык акциясына чыккандар менен коопсуздук кызматкерлеринин кагылышуусу менен, андан кийин “Ак үйдү” басып алуу менен уланды.

Андан кийин, нааразы болгондордун бир бөлүгү УКМКнын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун талап кылышты. Ошондой эле, митингчилердин бир бөлүгү экс-депутат Садыр Жапаровду колониядан бошотушту.

Андан кийин Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтына барып митингдин катышуучулары менен жолуккан.

https://www.facebook.com/groups/1412264215689407/permalink/2648590542056762/

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: «Акаев “Кумтөрдөн” пара алган деп жазып берсеңиз, эркиндикке чыгасыз. Бул президенттин түз буйругу» – деп айтышкан»

Президентке жаңы учак алып берүүгө мамлекетте акча жок

2020-жылы 40 айыл өкмөтү дотациядан чыгат