Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен отставкага кетти
Кызмат-мансап

Видео – Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен отставкага кетти

Бүгүн, 6-октябрда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Анын арызынын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.

“Кызматтан кетүү боюнча арызымды жазып бердим. КРнын премьер-мнистрине деп эле жаздым, кимиси келсе ошонусу… Кечинде жаштар менен жолукканда да “Мен бул жакка эл үчүн иштегени келгем, мен эл мененмин, элге каршы туура эмес иштерди кылбайм” деп айткам. Бул жакка өкмөт башчысы аркылуу келип, колумдан келишинче таза иштөөгө аракет кылдым” – деди ал.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев бул кызматка 2020-жылдын 27-июлунда дайындалган. Ага чейин ал Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы болуп иштеген.

Полномочный представитель Правительства Кыргызской Республики в Иссык-Кульской области Балбак Тулобаев подал в отставку

Опубликовано Полномочное представительство Понедельник, 5 октября 2020 г.

Өзбекстанда муфтият жетекчилигинин отставкасын талап кылган имам жумуштан алынды

Ысык-Көл облусунун “губернатору” Узарбек Жылкыбаев Ош облусунун “губернатору” болуп дайындалды

Искендер Асылкулов мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды