Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ырчы Айдана Дека официалдуу түрдө жолдошунун фамилиясына өттү
КООМ

Ырчы Айдана Дека официалдуу түрдө жолдошунун фамилиясына өттү

Ырчы Айдана Дека официалдуу түрдө жолдошунун фамилиясына өттү. Бул тууралуу кечээ, 14-июнда Аваз Акимов Инстаграмдагы социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

“Айдана официалдуу түрдө Акимова болду. Жаңы паспортуң менен сени куттуктайм”, – деди ырчы Акимов.

Белгилей кетсек, ырчы Айдана Дека буга чейин интервьюлардын биринде Аваздын фамилиясына өтөөрүн айткан. Бирок ал, сахнада мурдагыдай эле “Айдана Дека” – деген ысым менен ырдай турганын белгилеген.

Эске сала кетсек, жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека 2019-жылдын 16-мартында баш кошушкан. Азыр бир кыздын ата-энеси.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

АКШнын Bloomberg маалымат агенттиги Кыргызстанды быйыл, 2020-жылы көрүүгө сунуштаган дүйнөнүн 24 өлкөсүнүн катарына киргизди

Дача-Су айылындагы «Боинг-747» учагынын кыйрашынан каза болгондордун туугандары Түркияга эс алууга кетишти

Казакстанда орусиялык журналист Соловьевдун келишине каршы болушууда