Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » ЖКнын жыйынында Элвира Сурабалдиева сөз сүйлөп баштаганда көп депутаттар залдан чыгып кетишти
САЯСАТ

ЖКнын жыйынында Элвира Сурабалдиева сөз сүйлөп баштаганда көп депутаттар залдан чыгып кетишти

Бүгүн, 13-октябрда ЖКнын кезексиз сессиясында депутат Элвира Сурабалдиева сүйлөп жатканда, анын бир нече кесиптештери залдан чыгып кетишти.

Залдан негизинен 4-октябрдагы шайлоого “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынан атынан катышкан талапкерлер чыгып кетишти.

“Урматтуу деп айтайын деп, урматтуу деген сөзгө тилим келбей жатат. Коллегалар, 5-октябрда Ала-Тоо аянтына 20 миң кыргызстандык келди. Арасынан 90% жаштар. Ошол жаштар 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктарына ачуусу келип, нааразы болуп аянтка чыгышты”, – деди депутат.

Ал спикер Канат Исаевден 5-октябрдагы башаламандыкта жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү, төрага фондунан дарыланууга жана операцияга акча бөлүп берүүнү суранды.

Ал залдан чыгып кетип бараткан депутаттарды көрүп, “ачуу чындыкты угам деген депутаттарыбыз качып баратат окшойт, качпай муну аягына чейин уксаңыздар болмок” – деди.

Кулов президенттик шайлоого катышчулардын биринин штабын жетектеп, жеңишке жеткирем деп тил эмизип пул жасагысы келип жатат

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынады

Элдар Аттокуров, КТРК башдиректорлугуна талапкер: “Жыпар Жекшеев отставкага кетиши керек!”