Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Парламент депутаттары жашыруун жерге чогулуп, премьер-министрди бекитүүгө ниеттенүүдө
ПОЛИТИКА

Парламент депутаттары жашыруун жерге чогулуп, премьер-министрди бекитүүгө ниеттенүүдө

Премьер-министрди бекитүү үчүн азыркы чакырылыштагы депутаттар чогулуп, чечим кабыл алышы керек. Кечээ муну жасоого мүмкүн болгон жок, Садыр Жапаровду дайындоо зарыл кворумсуз өттү.

Жанар Акаев жана Эльвира Сурабалдиева депутаттар коопсуздук максатында жашыруун жерге чогулушууга ниеттенип жатышканын айтышты. Алар кесиптештерин коркпоого жана келүүгө үндөштү. Ошол эле учурда, алар социалдык тармактарда эфирге чыгып, жыйынды эл көрө алышы үчүн шарт түзөрүнө убада беришти.

«Кесиптештер, келгиле, бизге кворум керек» — деди Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, кечээ, “Достук” мейманканасында парламенттин чукул жыйынында айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып шайлаган. көпчүлүк журналисттер жыйын болгон залга киргизилген эмес. Маселени кароодо “Достук” мейманканасынын жанында митинг болгон. Агрессивдүү жаштар аларды жолугушууга киргизүүнү талап кылып, терезелерге таш ыргытышкан.

Бүгүн жаш саясатчы Тилек Токтогазиев премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Рекомендуемые

Алтынай Омурбекова отметила ключевое значение здорового питания для социально-экономического прогресса страны

The Telegraph: Роскосмос обвиняет США в попытке захвата Луны

Спикер парламента Кыргызстана ушел в отставку, на пост премьера депутаты выдвинули Садыра Жапарова

Оставить комментарий