Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди
ИНТЕРВЬЮ

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. Бизде адаттагыдай эле ишембиде эфирге чыгуучу «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусу. »Биринчи радионун» суроолоруна Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков жооп берет. Саламатсызбы Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

— Бул аптада Өкмөт пандемиядан улам жаралган кризистен кийинки этапта бизнести колдоо тууралуу жыйын өткөрдү. Мурдагы маектерде өзүңүз да бул багытта кеңири айткансыз, өлкө экономикасын өргө тартчу — бул ишкерлик деп. Ошону менен катар  экономикалык жактан өнүгүүбүз үчүн коңшу мамлекеттер менен кызматташтык да чоң мааниге ээ эмеспи. Анын ичинен Кытай менен кызматташтыктын келечеги кандай? Жакынкы күндөрү эле, Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алдыңыз. Эки өлкө ортосунда кызматташуу жаңы тепкичке көтөрүлөт деп күтсөк болобу?

— Ооба, бизнести колдоо маселеси Өкмөттүн күн тартибиндеги негизги маселелердин бири. Эмне үчүн дегенде, биз март айында өзгөчө кырдаал киргизип, карантин киргизгенде бизнеске көп тоскоолдук болуп калды. Ошону эске алып, карантин алынгандан кийин, өзгөчө кырдаал алынгандан кийин, май айында бизнес өкүлдөрү менен жолуккам. Негизги суроо-талаптарын уккам. Өкмөттүн дагы тиешелүү түзүмдөрү катышкан. Өкмөткө негизги багыттар аныкталган. Азыр ошол багытта иштеп жатышат. Өкмөттүн азыр бул багытта аныкталган өзүнүн көз караштары бар.

Ал эми коңшуларыбыз, стратегиялык өнөктөштөр, донор уюмдар менен, Кудайга шүгүр, дээрлик бардыгы менен пандемия башталганга чейинки долбоорлор, андан кийин кырдаалга жараша пайда болгон муктаждыктарыбыз боюнча иш үзгүлтүккө учураган жок.

Билесиз, ушул илдет башталып, кыйынчылыктар жарала баштаганда, мен ири донор өнөктөш уюмдардын дээрлик бардыгынын жетекчилери менен телефон аркылуу жеке сүйлөшкөм.

Алар мурда башталган социалдык-экономикалык багыттагы долбоорлор токтобойт деп убада беришкен. Бул биз үчүн өтө зарыл болчу. Алар ошол убадаларына турушту, долбоорлорду каржылоо маселеси токтогон жок. Эң негизгилери — таза суу, ирригация, бизнести колдоо, жолдор боюнча жана башка долбоорлорубуз үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Мындан тышкары, пандемия кесепети менен күрөшүүгө да колдоо алып жатабыз.

Ал эми Кытай сыяктуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерибиз калыптанып калган өнөктөш мамлекеттер менен да мамилебиз жакшы, уланып жатат.

Өткөндө Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырзанын бизге жасаган визитинин эң негизги максаты –Кытай тарап биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгын тастыктады.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын саламын айтып, атайын кайрылуусун да мага жеткирип, ошол жолугушууда өзү окуп берди.

Пандемиядан кийинки азыркы кырдаалда саясий колдоосун билдирип, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өөрчүткөнгө, ошону мындан ары дагы өркүндөткөнгө даяр экендигин айткан экен, Си Цзиньпин мырза ошол өзүнүн катында.

Билесиздер, «Бир алкак — бир жол» платформасы бар. Мына ошол саясаттын алкагындагы бардык, мурда башталган долбоорлорубузду улантып, пандемиядан улам келип чыккан кыйынчылыктарыбызды чечүүгө колдоо көрсөтөрүн дагы тастыктап кетти. Бул дагы биз үчүн ушундай шартта абдан жакшы колдоо деп эсептейм.

Экинчи чоң маселе дагы сүйлөшүлдү. Бул инвесторлордун биздин өлкөдө корголо тургандыгына көңүл буруп, ушунун натыйжасында жаңы инвестицияларды биздин экономикабызга тартууга даярдыгын да айтып кетти.

Билесиздер, Кытай бизге чоң рынок.

Кытай бизге соода-экономикалык карым-катышка, айыл чарба продукциябызды экспорттоого абдан чоң өнөктөш. Биздин таза экологиялык продукциябызга алар кызыкдар. Биз мына ушул багытты күчөтүү ниетибизди билдирдик. Тышкы иштер министри Ван И мырза жардам берели деп, колдоду. Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин мырза ШКУнун саммитине келгенде, маселе коюп, талкуулаганбыз. Кытай бизге чектеш, жакын, ыңгайлуу. Бизден өндүрүлгөн продукцияларды Кытайга — Кашкарга, Синьцзянга алып киргенге ыңгайлуу. «Биздин продукция эл аралык стандартка жооп берет, экологиялык жактан таза» деп, бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияны тааныштырып, даамын көргөн. Ошондон кийин иш жыла баштады. Биздин дыйкандарыбыз бал, гиляз (черешня), коон, ун, сүт азыктарын — кургак сүт, сыр экспорттоого уруксат алышкан, булар боюнча атайын протоколдорго кол коюлган болчу. Алардын тиешелүү мамлекеттик органдары бизге келип, текшерип, иштей башташты. Пандемия, илдет чыккандан баштап, иштер токтоп калды. Ошолорду тездетели дедик.

Кытайга кургак сүт алып чыгууга 13 ишканабыздын уруксаты бар.

Тиешелүү мамлекеттик органдар Кытайга буурчак, жүзүм, картошка, абрикос, жүгөрү, эт азыктарын жана башка бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Бул боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Бул биздин келечектүү маселебиз. Ошону Ван И мырза дагы колдоп, жардам берели деп кетти.

Албетте, Кытай мамлекети менен тышкы карыз маселесин да талкуулабай кое-алган жокпуз. Аны дагы талкууладык. Бул маселени Президент болгондон бери коюп жүргөм.

Билесиз, буга чейин биздин мамлекет эң көп өлчөмдөгү карызды мына ушул Кытайдан алган. Азыр биз төлөө мөөнөтүн узартуу багытында маселени коюп келатабыз.

Дагы бир ири маселе, билесиздер, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору. Ал да дайыма талкууда болчу маселе.

Бул долбоор бизге аба менен суудай керек. Бул долбоорду ишке ашырышыбыз керек. Эмне үчүн дегенде, кечээ илдет чыкканда, пандемия башталганда, чек аралар жабылганда, биз эң оор акыбалда калдык. Бир эле экономика эмес, элибизди тамак-аш, ун менен камсыз кылыш маселеси биринчи орунга чыкты. Темир жол абдан керек экенин дагы бир жолу көрдүк.

Азыр эксперттерибиз иштеп жатышат. Жалпысынан кытай тараптын кызыгуусу бар, бул долбоорго. Темир жол долбооруна катышуу тууралуу Россия менен дагы жогорку деңгээлде сүйлөшкөнбүз. Азыр Россия темир жолдору бул маселе боюнча биздин темир жолдор менен тыгыз иштей башташты. Бул долбоорду Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан Россия менен (3+1 форматында) активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул боюнча дагы жылыштар бар.

Жалпылап айтканда, министр Ван И мырза менин кытай коллегам Си Цзиньпин мырзанын атынан эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирүү үчүн учуп келди. Эки өлкө ортосунда эч кандай маселе жок экендигин дагы бир жолу бекемдеп кетти. Жакшы сүйлөшүүлөр болду. Ал сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин ортосундагы токтоп калган маселелерди кайра жандандыруу боюнча маселелер каралды. Ван И мырза менен сүйлөшүүлөргө канааттандым.

— Урматтуу Президент, азыр шайлоо кампаниясы кызуу кези. Коомчулукту тынчсыздандырган маселе — добуштарды сатып алуу ачык эле жүрүп жатат деген маалымат. Сиз шайлоону таза өткөрөбүз дедиңиз эле. Бирок ага карабай, акча сунуштап, кысымга алып жаткан айрым көрүнүштөрдү жоюуга күчүбүз жетпейби? Же коом өзү ушуга барып жатабы?

— Мен мурда да айткам, азыр да баса белгилеп кетким келет. Шайлооону таза, адилет өткөрүү үчүн Президент — мен тарабымдан талап кылынчу мыйзамдын алкагындагы милдеттеримдин баарын аткардым, аткарам.

Бирок, бул процесс бир гана Президенттен, же Өкмөттөн, БШКдан гана көз каранды эмес.

Добуш сатпоо маселеси биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды.

Мен Коопсуздук кеңешин атайын ушул шайлоо маселеси боюнча өткөрүп, укук коргоо органдарына тапшырмаларды бердик.

Эң негизгиси — кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей катуу мамиле камсыздоо деген талап коюлган. Бул боюнча иш аткарылып жатат. Фактылар болсо — жазаланат.

Бирок, тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат» деди деп кайрылган учурлар болбой жатат.

Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтып жатышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатышат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок болуп жатат. Бир же эки эле учур болбосо, негизинен имиш-имиштер болуп жатат.

Бирок, ошого карабастан, тиешелүү органдар азыр ошондой кылам деген партияларга, ошондой сөз болгон жерлерде, ошондой маалыматтар түшкөн жерлерде, түздөн-түз кайрылбаса дагы, укук коргоо органдары алар менен иштеп жатат.

Демек, сиз айткандай, коомубуз өзү да ушуга барып жатат деген туурадыр. Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек.

Азыр угуп, көрүп жатам. Сиздер, массалык маалымат каражаттары элди чакырып, түшүндүрүү иштери болуп жатат. Жакшы түшүндүрүү иштери болуп жатат. Ушул ишти күчөтүүбүз керек. Элге ушуну сиңириш керек. Бул өзүбүздүн, элибиздин, балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги. Ушундай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек деп өзүбүз да күрөшүүбүз керек.

Мына, айтып жатышат, паспортун алып кетип жатышат деп. Паспортун алып кетип, азыр мынчадан беребиз, калганын кийин беребиз деп жатышат деген сөз болуп жатат. Органдар иштеп жатышат. Бирок, кайрылып, мына, менин паспортумду алды, муну мындай кылды деп кайрылган адам өзү жок болууда.

Ар бир шайлоочунун өз иши, кандай кылат. Бирок паспортун эч кимге бербеш керек. Ал өзүнүн жеке документи. Добуш берүү купуя сакталат. Эч ким мажбурлай албайт, «буга сал, буга салба», деп. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген да сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр.

Шайлоочу өзү жалгыз калат, кабинкада, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң, өз эркиң. Добуш берүү 4-октябрда гана болот.

— Партиялар дагы эч аянбай, болгон-толгон убадасын берүүдө. Бул убадалар канчалык реалдуу деп ойлойсуз? Шайлоочу башы айланбай, кайсынысы чын, кайсынысы куру убада экенин кантип ажыратат? Сиздин атыңызга, ишиңизге да сын айткандар чекесинен чыгып жатат, бирок Сиз жооп берген учурлар боло элек.

— Азыр үгүт иштери күчтүү саясий атаандыштыкта жүрүп жатат. Аны мен көрүп жатам. Эл менен жолуккандарын, сүйлөгөндөрүн, теледебаттарды көрүп жатам. Абдан күчтүү атаандаштык жүрүп жатат. Муну көрүп, мен да кубанып жатам. Бул нерсе биздин коомду тазалайт.

Азыркы талапкерлерге, партияларга деле үгүт ишин жүргүзүү жеңил эмес. Анткени, биздин коом — ачык коом. Шайлоочуну эч нерсе менен таң калтыра албайсың. Баары ачык. Маалымат булагы ачык. Эч нерсе жашыруун эмес. Ушундай шартта шайлоочунун көңүлүн алуу, бурдуруу оңой иш эмес. Аларды мен түшүнүп турам.

Биздин элибиздин саясаттан толук маалыматтары бар. Мен айтат элем, биздин элибиз чыныгы такшалган шайлоочу. Мына ушул кийин баары бир жыйынтыгын берет деп ишенем.

Мына ушундай кырдаалда элдин көңүлүн эмне менен бурса болот?

Албетте, бийликти сындоо кайсы заманда болбосун элге жагат, элдин көңүлүн бурат.

Мындай кырдаалда Президентти сындоодон өткөн жеңил популизм жок да. Мени жамандаганы, көбү үмүт кылып жатат, Президентти жамандап, добуш алабыз деп. Бул дагы ыкмалардын бири, көп эле мамлекеттерде ушуну колдонот. Бизде дагы болуп атат. Мен аны көрүп, карап, баарын тең туура түшүнүп атам.

Бирок экинчи жагы да бар. Келе жаткан жаш саясатчылар, жаштар айтса да мейли, ошол сөздөрдү.

Бирок, 30 жылдап саясатта гана эмес, бийликтин бир бутагында жүргөн азаматтарыбыз да бийликти болушунча сындап жатат. Өздөрү кечээ эле бийликтин эң чоң бутагы болгон — мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинде иштеп жүрүп, бүгүн бийликтен куугунтук көргөндөй сүйлөп жаткандар да бар.

Мунун баары, мен жогоруда айткандай, элдин көңүлүн буруу аракети.

Азыр элге эмне жагат?

Депутаттардын санын азайтабыз деп айтып жатышат. Чыкканы эле ошону айтып жатат.

Бирок ал үчүн конституциялык реформа жүргүзөм деген киши жок. Депутаттын саны Конституцияда көрсөтүлгөн.

Экинчи маселени айтып жатышат, парламентке делген чыгашаны азайтабыз деп. Мындай убаданы мурда да укканбыз. Бирок, тилекке каршы, депутат болуп келери менен, «ал үчүн мыйзамды өзгөртүшүбүз керек» деп, алакан жайгандар да болгон. Аларды да көргөнбүз.

Айлык, пенсияны көбөйтөбүз дейт. Бирок, кандай жол менен, айткан киши жок.

Муну өкмөт дагы, мен дагы айтып жатабыз, жасап жатабыз. Буйруса, муну көбөйтөбүз.

Ал үчүн, биринчи кезекте, санариптештирүүнү киргизүү деп айтып да, талап да коюп жатам. Көмүскө экономиканы азайтыш керек. Азайтып, ошону ачыкка алып чыгып, санариптештирүүнү, фискализацияны киргизүү менен биз бюджетке кирешени көбөйтөбүз. Ошондой жол менен биз пенсия, айлыктарды көбөйтө алабыз.

Мен бир жагдайды белгилеп кетейин. Азыр жаш талапкерлердин дебаты болууда. Кээде учкай көрүп калып жатам.

Ошол талапкерлердин көпчүлүгү мына ушул санариптештирүү саясатын колдоп, сүйлөп жатышат. Аймактарды өнүктүрүү деп жатышат. Кайра иштетүү тармагын колдоо керек деп айтып жатышат.

Ушундай жаштарыбыз парламентке келсе, демек менин президенттик ишимдеги негизги багыттар — санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү саясаты колдоо табат экен деген менде толук ишеним бар. Ошолорду көрүп, жакшы жаштар келатат деп, ыраазы болуп жатам.

Буга чейин да айткам, башталган реформа, долбоорлорду улантуу үчүн парламенттин колдоосу абдан керек. Партиянын жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар.

Ал эми популисттик билдирүүлөр тууралуу айтсам. Алар дайыма болуп келген, болот.

Жогоруда айткандай, жаш саясатчылар гана эмес, 20-30 жылдап саясатта жүргөн саясатчыларыбыз да популизмге алдырып жатышат да.

Ошондуктан, бизде элибизде жакшы лакап бар — «Ушак уксаң унутуп сал, эстүү айтылган кеңешти эсиңе сал» деген, ошону айтат элем.

Азыр эми үгүт иши болуп жаткандыктан, мен «тигил, бул» деп атын атап, аларга реклама, пиар кылбай эле коеюн. Мезгили келгенде, алардын атын атап, ишин айтып, коомчулукка жарыялоочу учур келет.

Алардан айырмаланып, мен утурумдук билдирүүлөрдү жасоого укугум чектелүү. Анткени, менин президент катары милдетим — келечекке багытталган иштерди жасоо, аларды ишке ашыруу, утурумдук иш эмес. Жеңил пиар эмес, менин милдетим.

Айтканым, жасаганым өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн, эл үчүн болгон иштер. Ошондуктан да көп нерсени, мүмкүн, азыр айтпайм жана айта албайм дагы. Анткени, коомдогу тынчтык мага абдан маанилүү.

Бирок, бир нерсени так кесе айтып коеюн. 1995-жылы парламентке депутат болуп шайланып келгем. Ошондон бери чоң саясаттамын. Азыркы көптөгөн саясатчылардан айырмаланып, чарбада иштегем. Ишти сыртынан эмес, ичинен көрүп, колум менен жасап, бийликтин бардык тепкичтерин басып келгем.

Албетте, иш болгон соң кемчиликтер болбой койбойт. Сөзсүз болот.

Бирок, эч ким мени коррупцияга аралашкан деп айта албайт. Аралашкан эмесмин жана аралашпайм. Эч кимге материалдык жактан көз каранды болгон эмесмин. Ар кандай шектүү схемаларга катышкан да эмесмин.

Мына ушул тазалыгым мага азыр коррупция менен жүзүм жарык күрөшүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Өзүмө көп учурда сын менен караган адаммын. Кылган иштеримди айткым да, мактангым да келбейт.

Бирок Кудай алдында, өзүмдүн абийиримдин алдында, эл алдында тазамын деп ишенимдүү, эч жалтактабай айта алам. Президент болуп, буйруса, мына 3 жыл иштеп жатам. Кудайга шүгүр, ыплас иштерге аралашкан жокмун. Аралашты деп эч ким да айта албайт. Ар кандай айтышы мүмкүн, бирок эч ким жалаа жаба албайт.

— Коррупция менен күрөш деп айтып калдыңыз. Кечээ жакында Коопсуздук кеңешин өткөрдүңүз, ушул маселе боюнча. Коррупция менен күрөштүн Сиз үчүн эмне мааниси бар? Айрымдар айтып калып жатпайбы, тандалма болууда деп.

— Президент болууга аттанганда мен өтө көп эмес, 5-6 убада бергем. Алардын эң негизгиси — аймактарды өнүктүрүү.  Эмне үчүн дегенде, элетти өнүктүрбөсө, мамлекет өнүкпөйт. Айтып келе жатам, миграция айыл жеринен, алыскы бийик тоолуу райондордон, элет жерлеринен кетип жатат.

Ирригация, таза суу маселеси, мугалим-врачтардын турмушун жакшыртуу, аскер кызматкерлеринин турмушун жакшыртуу. Арзан турак-жай менен элибизди камсыз кылуу, анан санариптештирүү маселеси.

Буларды ырааттуу аткарып келе жатабыз, өкмөт, парламенттин колдоосу менен, айрыкча элдин колдоосу менен.

Ошол убадалардын негизгиси — коррупция менен күрөш.

Коррупция бул адам болгон жерде болот. Бул бир эле бизде эмес, бардык мамлекеттердин көйгөйү. Бул — өлкөнү артка тарткан, коомду муунткан илдет. Андан толук арылбасак да, кыскартууга милдеттүүбүз. Ошонун үстүндө такай иштеп жатабыз.

Кечээ ошол жыйында да айтылды, буга чейин да айттым. Коррупциянын алдын алуу чараларын күчөтөбүз. Анын негизги куралы — санариптештирүү. Адам факторун жоюу — эң негизги маселе.

Күрөш тандалма эмес. Ууруну чоң же кичине деп бөлүүгө болбойт. Мен үчүн бардыгы бирдей коррупционер. Мен да билем, сиз да билесиздер, элибиз да билет — негизги коррупциялашкан органдар — бул укук коргоо органдары.

»Карга карганын көзүн чукубайт» деп бекеринен айтылган эмес да. Аны кечээки жыйында да айтып, катуу талаптарды койдум. Укук коргоо органдарын, сот системасын жетектегендер, анда иштегендер таза болсо эле, напсисин тыйса эле, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы болот.

Муну эмнеге айтып жатам? Укук коргоо органдары, сот системасы таза болмоюнча, алар коррупция менен күрөштү абдан жогорку денгээлде жүргүзмөйүнчө, коррупцияны жеңиш, токтотуш кыйын. Анткени көп коррупциялык схемаларда ошол укук коргоо органдары өздөрү башында турат. Мен кечээ Коопсуздук кеңешинин жыйынында ар бир укук коргоо органдарынын жетекчилерине айттым ошону. Буга чейин дагы айткам, кечээ дагы айттым, талапты коюп жатабыз.

Элдин, мамлекеттин ырыскысын уурдагандардын орду — түрмөдө.

Ал эми ошол ууруларды колдогон, жаап-жашырган, куткарган укук коргоо, фискалдык органдар, сот системасында иштегендер да эмнеге эркиндикте жүрүш керек. Алар дагы камалыш керек.

Мисалы, темир жолдо чоң ири схема табылды. Жетекчи алмашкан, токтойт деген, бирок кайра эле ошону башташкан. Мына кармалышты ошол схема менен. Бирок, ошого чейин ал жерди салык инспектору текшерген, Эсептөө палата текшерген. Бардыгы кийлигишкен. Прокуратура карап отурат.

Бир схеманы ачсак, ошол схеманы жасагандар камалат. Бирок, ошол схеманы болтурбай коё турган органдар эч кандай чара көрбөй, тескерисинче, калкалап келишкен да.

Эми андай болбойт. Кайсыл бир мамлекеттик органда схеманы ачышса, же мамлекетке зыян келтирген маселе чыкса, ошону текшерген Эсептөө палатасы болобу, Салык инспекция болобу, Финансы полициясы болобу, прокурор болобу, баары тең бирдей жооп берет.

Темир жолдогу коррупциялык схема боюнча салык кызматынан кармалды, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин жоопко тартып жатабыз. Ошол процесс кетти. Баарынын жоопкерчилиги бирдей. Уурдагандын дагы, аны жашырган органдар дагы ууруга теңелип, алар да жоопко тартылышы керек.

Кечээ ошону жеткиликтүү айттым. Бул боюнча талап күчөп жатат.

Коррупция менен күрөш бул — эң биринчи кезекте эл үчүн, жөнөкөй жарандын жакшы жашоосу үчүн жасалып жаткан түйшүктүү иш. Бул токтобойт.

Мында эл мени толук колдойт деп ишенем. Колдоп жатышат, буйруса. Элди кыдырганда айтып жатышат. Артка кайтпагыла, күчөткүлө деп. Алардын колдоосун көрүп жатам, сезип жатам. Буйруса, бул токтобойт, мындан ары дагы күчөтөбүз.

Кечээ жаңы коррупция менен күрөштү жүргүзүү, алдын алуу стратегиясын кабыл алдык. Мурунку стратегия 8 жыл иштеди. Анын аткаруу мөөнөтү жок болчу, жалпы кабыл алынган стратегия болчу.

Азыркы стратегиянын айырмасы — бул 2024-жылга чейин, төрт жылга кабыл алынды, анда 82 иш-чара бекитилди. Аларды аткаруунун так мөөнөтү бар. Ошол мөөнөттө аткарганды талап кылабыз.

Бул стратегия башка мамлекеттердин коррупция менен күрөштөгү алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүп, көрүп, эксперттер иштеп, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери иштеп, кабыл алынды.

-Кагаз түрүндө калбайбы?

— Кагаз түрүндө калбайт. Бул менин көзөмөлүмдө. Эмне үчүн кагаз түрүндө калбайт? Анын аткаруу мөөнөтү бар. Коопсуздук кеңеште өзүм такай көзөмөлдөп турам. Коопсуздук кеңеши тиешелүү министрликтер, ведомстволор менен иш алып барышат. Дагы талап күчөйт. Бул менин түздөн-түз көзөмөлүмдө болчу иш, элге берген негизги убадаларымдын бири бул — коррупция менен күрөш.

— Сооронбай Шарипович, убактыңызды бөлүп,  суроолорго жооп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Сизге чоң рахмат!

Рекомендуемые

В Иерусалиме начался процесс по делу Биньямина Нетаньяху

«Не они прислали сюда 33 человека»: Лукашенко призвал не пугать его США и НАТО

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев подал в отставку

Оставить комментарий