Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Видео — Парламент депутаттары президентке импичмент жарыялоо жана премьер-министрдин талапкерлигин талкуулоо үчүн кайрадан кворум чогулта албай жатышат
ВИДЕО

Видео — Парламент депутаттары президентке импичмент жарыялоо жана премьер-министрдин талапкерлигин талкуулоо үчүн кайрадан кворум чогулта албай жатышат

Бүгүн, 7-октябрда кечинде VI чакырылыштын депутаттары чогулуп, өлкөдөгү учурдагы кырдаалды талкуулап, Президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо маселесин талкуулап, жаңы премьер-министрди шайлоо боюнча маселени карап жатышат. 

Жыйынга депутаттар: Мыктыбек Абдылдаев, Эльвира Сурабалдиева, Асел Кодуранова, Абдывахап Нурбаев, Бахадыр Сулейманов, Дастан Бекешев, Максат Сабиров, Эмил Токтошев, Кенжебек Бокоев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Жеенчороев, Наталья Никитенко, Альфия Самигуллина, Руслан Казакбаев, Анвар Артыков, Садык Шер-Нияз, Рада Туманбаева, Айнура Осмонова, Тынчтык Конушбаев жана бир нече эл өкүлдөрү келишкен.

Бирок, парламент депутаттары кайрадан жыйын өткөрүү үчүн кворум чогулта албай жатышат.

«Биз депутаттар чогулдук. Президент Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча депутаттарды кворумга келгиле дедик. Айрым депутаттар келди, калгандары келбей жатышат. Мен «Жээнбековду калсын» деген депутаттар келбей жатат деп түшүнөм» — деди депутат Элвира Сурабалдиева.

Опубликовано Эльвирой Сурабалдиевой Среда, 7 октября 2020 г.

Опубликовано Эльвирой Сурабалдиевой Среда, 7 октября 2020 г.

Рекомендуемые

В МИД КР был приглашен посол Таджикистана Назирмад Ализода

Президент Сооронбай Жээнбеков принял заместителя председателя Правительства России Алексея Оверчука

Постоянный Представитель КР при ООН М.Молдоисаева приняла участие в мероприятии в связи с началом работы проекта Управления ООН по борьбе с терроризмом

Оставить комментарий